• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкектин Юнусалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Юнусалиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ Батор көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү узундугу 3200 метр тротуар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Тротуар асфальтталып, ирригациялык система жана жаңы бордюрлар орнотулду.

"Иш учурунда кызыл сызыктан чыккан объектилер жоюлуп, тротуардын туурасы сакталды", - деп кошумчалашты мэриядан.

Белгилей кетсек, аталган көчөдөгү тротуарлар совет мезгилинде курулган.

Пикир

Оставить комментарий