• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банк Бишкекте акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын кайтарып алды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын кайтарып алды.

КР УБнын расмий сайтында маалымдалгандай, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, тактап айтканда лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн, 2024-жылдын 9-февралынан тартып Бишкек шаары, Шопоков көчөсү 91 «Цум-2» соода-сатык комплекси, 1-кабат, №L-36 бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК "ОДИН ДОЛЛАР" алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6390 лицензиясы кайтарылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий