• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өлкө башчынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-ноябрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өлкө башчынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада президент Садыр Жапаров өлкөбүздөгү жүрүп жаткан укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстердин кабыл алынышы, прокуратура органдарына тергөө функциясынын кайтарылышы, мыйзам демилгелөө укугунун берилиши менен кошо чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп өттү.

«Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан, 2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деди президент С.Жапаров.

Аны менен катар, мамлекет башчы мыйзамдагы өзгөрүүлөр биринчи кезекте жарандардын укуктарынын корголушуна, алардын бузулган укуктарынын толук калыбына келтиришине жасалган кадам экенин, мыйзам бузгандарга карата кол тийбестик деген түшүнүк болбошу керектигин айтып, көзөмөл органынын кызматкерлери адилеттикти орнотууда таза, принципиалдуу болуу менен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөөнү талап кылды.

Иш-чарага өлкө башчысынан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургул Бакирова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий