• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы №10 жазаларды аткаруу мекемеси шаардын сыртына көчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча тийиштүү иш-чаракеттер жүргүзүлүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиргендей, учурда каражат маселеси чечилген.

Кечээ облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн жеринен көрдү.

Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатат. Облус башчысы жумуш ыргагын тездетүүнү тапшырып, сапатка көңүл бурууну эскертти.

Мындан сырткары, шаардагы №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты ажыратылып, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталды.

Бул аракет президент Садыр Жапаровдун шаар инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жазаларды аткаруу кызматынын өздүк курамынын ичинде кызматтык тартипти чыңдоо, кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий