• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ала-Букада таштандыны кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында таштандыларды кайра иштетүүчү кичи завод курула баштады. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, заводду куруу иштери "Мега-Нур" компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми "Усман-Умар" ишканасы тарабынан 18 млн 540 миң сомдук техника жана кичи завод үчүн жабдыктар алынып келет.

Бүгүнкү күнгө 1 даана экскаватор алып келинсе, жакынкы күндөрү таштанды ташуучу унаа келүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары, кичи завод үчүн 3 таштандыны иштетүүчү жабдык, электр трансформатору жана унаалар үчүн тараза келмекчи.

Пикир

Оставить комментарий