• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Бишкекте 21-март – Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаада Ноорузга карата массалык иш-чараны өткөрүүгө чектөө киргизилди.

"Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына ылайык, Бишкекте 2021-жылдын январь айынан 18-мартка карата коронавирус жана пневмония менен ооруган учурлардын саны 2 миң 551ге жетти. Коронавирустун жаңы штаммынын дүйнөдө жайылышы, коңшу өлкөлөрдө карантиндик чектөөлөрдүн күчөтүлүшү жана Кыргызстандагы эпидкырдаалдын туруктуу эмес абалын эске алуу менен Бишкекте Нооруз майрамына карата өткөрүлө турган иш-чараларга чектөө киргизилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий