• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы сот тутумунун басма сөз катчыларына жабдыктарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда КР Жогорку сотунда сот тутумунун басма сөз катчыларына жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, төрайымдын Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Токтомамбетов, Административдик иштер боюнча орун басары Айнаш Токбаева, ошондой эле жарандык жана экономикалык иштер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Турсунгүл Чаргынова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердив, Жогорку соттун аппаратынын бөлүм башчылары жана сот тутумунун басма сөз катчылар катышты.

Нургүл Бакирова басма сөз катчылардын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын, калктын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууда алардын аткара турган ролу чоң экендигин айтты. Анткени, басма сөз катчылар сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы көпүрө экендиги талашсыз.

“Сот органдары менен сот корпусунун позитивдүү имиджин калыптандырууда ийгиликке жетишүүнүн эң маанилүү шарты – сот бийлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Ошол эле учурда силерден жалпыга маалымдоо каржаттары жана блогерлер менен конструктивдүү жана эффективдүү өз ара аракеттенүүнү куруу талап кылынат.

Мыйзам ар бир адамдын мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматка жетүү укугун кепилдегенин эстен чыгарбоо керек. Берилген маалымат маалыматка жетүү эркиндигинин негизги принциптерине: коомчулукка жеткиликтүүлүгүнө, объективдүүлүгүнө, өз убагында берилишине, ачыктыгына жана маалыматтын ишенимдүүлүгүнө ылайык келүүгө тийиш”, - деп белгиледи төрайым.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова аймактардагы соттордун жана Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчыларына жаңы фотоаппараттарды жана ноутбуктарды тапшырды. Ушундай эле техникага Жогорку соттун басма сөз кызматы ээ болушту.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган жабдыктар Кытайдын элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын сот тутумуна кайтарымсыз түрдө берилди.

Пикир

Оставить комментарий