• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде диний экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгында "Жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алууда жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык негиздери" аталышындагы семинар болду.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, семинарга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы, АКШнын элчилигинин каржылык колдоосу менен Saferworld өнөктөштүгү алдында "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун, ИИМдин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус аймагындагы коомдук алдын алуунун (КААБ) мүчөлөрү, милиция кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстанда диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдарынын идеологиясы, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка бөгөт коюу, диний экстремизмдин, зордук-зомбулуктардын алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун аткарган иштерине кеңири токтолуп, түшүндүрмөлөр берилди.

Жыйындын аягында келген коноктор менен суроо-жооптор кеңири талкууланып, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий