• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынбек Сулайманов Тоң районунун эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кечээ, 11-апрелде президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Тоң районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга 200дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышты. Жыйын суроо жооп түрүндө өттү.

Тоңдуктар жер, таза суу, жол, ирригация боюнча суроолорун узатып, жооп алышты. Ошондой эле бир катар социалдык көйгөйлөр айтылды.

Облус башчысы тиешелүү мекемелердин башчыларына көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий