• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ кызматкерлери Ысык-Көлдө эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23./Кабар/. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлдө көлдүн жээгинде түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көлдүн сезону башталып, баары эле сууда коопсуздук эрежелерин сакташпай келет. Июнь айынын башынан бери Ысык-Көлдө 3 бала сууга чөгүп каза болгон.

Буга байланыштуу ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ Көлдө эс алуучулардын жана балдардын коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Иш-чаранын максаты Ысык-Көлдө сууга чөгүү сыяктуу кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Ошентип, кечээ, 17-июлда ведомстволор аралык жумушчу топ Балыкчы жана Тамчы жээктеринде түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүшүп, анда милиционерлер эс алуучуларга Көлдөгү жүрүм-турум эрежелери жөнүндө айтып беришип, спирт ичимдиктерин ичүү коркунучунан жана мас абалында сууга түшүүгө жол бербөөнү эскертишти.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалай Алижанов эс алуучулар менен жолугушууда кырсыктар көбүнчө көлдүн жанында жүргөн жарандардын жеке коопсуздук чараларына көңүл бурбагандыгынан улам болуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал сууга түшүүгө тыюу салынган жээктерде илинген белгилерге көңүл бурууга чакырды.

Милиция кызматкерлери Балыкчы жана Тамчы аймактарында жарандардын жээкке эркин өтүүсүн, анын санитардык абалын, коомдук коопсуздуктун сакталышын текшеришип, жарандарды балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий