• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ат-Башы райондук милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө жаӊы формалар берилди

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Ат-Башы райондук милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жаӊы үлгүдөгү атайын формалар берилди. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук милициянын начальниги Алмазбек Жумабеков Ат-Башы районуна жумушчу сапары менен барып, өздүк курам менен жолугушуп, ИИМ тарабынан берилген жаңы үлгүдөгү формаларды тиешелүү кызматкерлерге тапшырды жана берилген жаңы кийимдер боюнча кызматкерлердин ой-пикирлерин угуп, күнүмдүк кийип жүрүүчү формалар боюнча насааттама берип өттү.

Ошондой эле элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү максатында элди сервистик тейлөө боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында ыкчам иш-аракеттерди көрүү менен милициянын көчмө кабылдамасы менен байма-бай жолугушууларды уюштуруп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү болгон маселелерин жеринен угуп, жарандарга сылык мамиле кылып, кандай кырдаал болбосун көмөк көрсөтүп, эл менен тыгыз иш алып барууга чакырып өттү.

Мындан тышкары, президенттин жарлыгы, ИИМ тарабынан коюлган тапшырмалар боюнча кызматкерлерди кынтыксыз иштөөгө чакырып,жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну колго алуу боюнча бир катар талаптарды койду.

Жогорудагы атайын алынып келинген формалар облус аймагындагы шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү) жана балдар иштери боюнча инспекторлоруна Нарын ОИИБнин жетекчилиги тарабынан жерине жеткирилип берилмекчи.

Бүгүнтөн баштап Нарын ОИИБнин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаӊы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий