• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Некролог — Көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү коомдук ишмер Жалгап Казакбаев 71 жашында дүйнө салды.

Жалгап Казакбаев 1949-жылы Панфилов районунун Тельман айылында туулган.

1972-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктап, өзүнүн эмгек жолун Фрунзедеги «Сетунь» заводунда цехтин башчысынын орун басары, мастер болуп иштөөдөн баштаган.

1974-1983-жылдары Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы «Оргтехника» заводунда цехтин башчысынын орун басары, цехтин башчысы, башкы технолог, башкы инженер, 1983-1987-жылдары Кара-Балта шаарынын «Бакыт» өндүрүштүк бирикмесинин генералдык директору болгон.

1987-1992-жылдары Кара-Балта шаардык кеңешинин, Чүй облусунун кеңешинин төрагасынын орун басары кызматтарын аркалаган.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, легендарлуу парламентинин, 1995-жылы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп шайланган.

1992-1995-жылдары Кара-Балта тоо-кен комбинатынын генералдык директорунун орун басары, генералдык директору болуп эмгектенген.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана бекемделишине, өлкөнүн социалдык жана экономикалык, тоо-кен өнөр жай тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

Жалгап Казакбаевдин жаркын элеси элибиздин эсинде сакталат, анын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Боронов К.А., Бакиров М.И., Касымалиева А.К., Баатырбеков А.Б., Асрандиев Э.Ш., Исмаилова А.Ж., Мадумаров А.К., Омуркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Мамашова А.Т., Эсеналиев Д. А., Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Бейшенов Ж.С., Осмонбетов Э.К., Опумбаев О.Н., Намазалиев А. А. Кокоев К.К., Иманбеков Т.И., Рустамбеков Дж.С., Эрматов А., Субанбеков Б.Ж., Эсенаманов З.С., Райымкулов Б.К., Азылов Ж.К., ж. б.

Казакбаев Жалгап Ийманбековичтин сөөгү 2020-жылдын 6-июлунда 10:00дө коштошуу зыйнаты Кара-Балта шаарынын Целинная көчөсүндө өтөт, Тельман айылында коюлат.

Пикир

Оставить комментарий