• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гречка, тамеки, сулу, буурчактын үрөндөрү 100% камсыздалды — Мамбетов

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жазгы айдып себүүгө үрөн чарбалары жана чарба субъекттеринин керектөөсү 66,1 миң тоннаны түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 64 миң тонна же 96, пайызга топтолгон.

“Анын ичинен жаздык буудайдын үрөнү 23 миң тонна, арпаныкы 40,6 миң тоннаны түздү. Мындан сырткары, республика боюнча 100 пайыз гречка, тамеки, сулу, буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыздалды. Эспарцеттин уруктары менен камсыз болуу 65,9 пайыз, беде 74,3 пайыз, пахта 87,1 пайыз, картошка 96,7 пайыз, жүгөрү 81,4 пайыз, сафлор 93,1 пайыз, күн карама 96,3 пайыз жана кант кызылчасы 40,7 пайызды түздү”, - дейт ал.

Мамбетов республиканын үрөн чарбаларында 263 тонна үрөн (183 тонна буудай, 80 тонна арпа, 40 тонна пахта) топтолгонун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий