• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыяда алты баш бодо малды уурдап бараткандар кармалды

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Милиция кызматкерлери мал уурдап бара жаткан эки жаранды кармады.

Кызыл-Кыя ШИИБдин жана КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери алдын ала түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүлүп, Кызыл-Кыя шаарынын Кадамжай району менен чектешкен Кара-Козу айылындагы талаадан 29нан 30-июлга караган түнү 3 баш жылкы, 3 баш бодо малды белгисиз эки жаран "Мерседес Бенц ГИГАНТ" автоунаасына жүктөп алып кетип жаткан жеринен кармалды.

Текшерүү иштеринин алкагында уурдалган малдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын тургундарына тиешелүү экендиги жана мал уурулукка шектелип кармалган эки жаран мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 29 жаштагы Н.А. жана 34 жаштагы М.У. аттуу тургундары экендиги аныкталды.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, окуя болгон аймак Кадамжай районунун аймагына киргендиктен, кылмыш иши Кадамжай РИИБне өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектелип кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий