• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евразия экономикалык форуму. Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте 2022-жылдын 26-27-майында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун мүчөлөрүнүн жыйыны өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүүдө жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин жана жолдо унаа айдоо маданиятын сактоону, ошондой эле жол боюнда унааларды калтырбоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий