• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Караколдо жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген

Аймак 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январь күнү болжол менен саат 16.20 чамасында Каракол ШИИБине Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жиберди деген маалымат келип түшкөн. Милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн учурда, Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.Снын жарандык жолдошу, Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. пикир келишпестиктен улам, бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ал эми келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камака алынды.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий