• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз кыйылган алты Тянь-Шань карагайы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө мыйзамсыз кыйылган алты Тянь-Шань карагайы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка лайык, үстүбүздөгү жылдын 9-февралына караган түнү милицияга Каракол шаарында жайгашкан пилорамага Mercedes Sprinter жүк ташуучу автоунаасына Тянь-Шань карагайларын жүктөлгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Ысык-Көл облустук милициясынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан бул маалыматты текшерүү учурунда пилораманын короосунан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жоккыйылган 6 даана Тянь-Шань карагайлары табылган.

Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу унаанын айдоочусу, карагайлардын ээси 1994-жылы туулган Ак-Суу районунун Пионер айылынын тургуну Э.Р., экендиги аныкталган.

Учурда бул факт боюнча материалдар Каракол ШИИБдин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Далил катары карагайлар алынды.

Пикир

Оставить комментарий