• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги Орто-Сай базарында 40 соода түйүнү жоюлду

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте Юнусалиев Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду.

Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддер Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий