• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы сынак жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Бабур театрында “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында жарыяланган сынак жыйынтыкталып, сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозбекова, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков катышып, Айтматов улуу ойчул катары өлкөбүздүн руханий жактан өнүгүшүнө зор салымын кошкондугун белгилешти.

Ошондой эле сынактын жеңүүчүлөрүнө, кыргыз адабиятына жана тилинин өнүгүшүнө салым кошкон бир катар мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар, диплом менен акчалай сыйлыктар, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Кыргыз тили” төш белгилери тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, Айтматовдун чыгармаларынан театралдашкан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Ошондой эле Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий