• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто сүрөтчүлөр арасында кароо-сынак өтөт

Аймак 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Ош шаарында “Урааным Манас” аталышында 18 жаштан жогорку сүрөтчүлөр үчүн кароо-сынак өтөт. Иш-чара 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата уюштурулууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, сынак эртең, 8-сентябрь саат 9:30-13:00 чейин Ош шаарындагы Алымбек-Датка этнографиялык борборунда өтөт. Ал эми саат 16:30 майрамдын урматына флешмоб өткөрүлөт.

Ушул эле күнү саат 14:00-16:00 Ош шаардык Маданият башкармалыгынын “Акак Ош” комузчулар ансамбли №1-2-троллейбустук каттамдарда жүргүнчүлөргө майрамдык концерт тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий