• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий