• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборуна жаңы директор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Сот өкүлчүлүгү борборунун директору болуп Жунусов Бакайхан Заурбекович дайындалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.

Бакайхан Жунусов 1991-жылы туулган. Экономикалык жана юридикалык эки жогорку билимге ээ. Буга чейин ал Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары, ошондой эле Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык жана актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу башкармалыктарында иштеген.

Пикир

Оставить комментарий