• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абсаттар Сыргабаев ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар. Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Европада коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Анда облус башчысы ЕККУнун Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүп келээрин белгиледи.

Мындан сырткары, ыйгарым укуктуу өкүл аймактын өнүгүүсүндө ишкердикти жолго коюу, аларга ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен ири долбоорлор үстүндө тыгыз кызматташтык аракеттерин колдоого алаарын билдирди.

Жолугушууда ЕККУ ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын материалдык- техникалык базасын чыңдоо максатында компьютердик жабдыктарды белекке тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий