• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын тургуну ӨКМге 1 млн сомдук куткаруу шаймандарын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Ош шаарынын тургуну Шумкар Пазылов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына 1 млн сомго алынган "Универсалдык авариялык-куткаруучу гидротехникалык шаймандардын" 4 комплектин белек кылды.

Ведомстводон билдиргендей, заманбап шаймандардын жогорку өндүрүмдүүлүгү, мобилдүүлүгү, жеңил салмагы жана ыңгайлуулугу менен куткаруучулардын иштерине чоң салым кошот.

”Урматтуу куткаруучулар, сиздер ар кандай оор кырдаалда өз жаныңарды тобокелге салып, башкалардын өмүрүн сактап жүрөсүздөр. Кооптуу учурда биздин өмүр сиздердин ыкчам аткарган жумушуңуздардан көз каранды. Сиздердин эмгегиңиздерди баалап, ар дайым кесибиңиздерге терең урмат-сыйымды билдирем”,- деди Ош шаарынын катардагы тургуну Шумкар Пазылов.

Белгилей кетсек, атайын шаймандардын 2 даанасы Баткен облусунун куткаруучуларына жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий