• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов Түркиянын “Гайе” фондунун өкүлдөрү жана түрк ишкерлери менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов “Гайе” фондунун төрагасы Мехмет Сиддик Акшит баштаган өкүлдөрү, Түркиялык ишкерлер жана Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту. Бул президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзгөн районундагы “Имам Сарахси” зыярат кылуучу жайына Илим изилдөө борборун куруу, “Имам Сарахсинин” китебин кыргыз тилине которуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы Түркиялык ишкерлер менен кызматташууга жана Илим изилдөө борборун курууга колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

“Ош облусунда инвесторлор үчүн шарттар түзүлгөн, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ал эми Илим изилдөө борборун куруу үчүн Өзгөндөн 9 гектар жер ажыратып беребиз. Эгерде аталган борбор курулуп, ишке кирсе, бир гана экономика эмес туризм тармагыбыздын да өнүгүүсүнө салым кошот. Себеби Түркия жана Мусулман өлкөлөрүнөн зыярат кылганы келген туристердин саны көбөйөт”, - деди Зиядин Жамалдинов

Пикир

Оставить комментарий