• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ички иштер министрлиги жарандарды телефон алдамчыларга ишенбөөгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды телефон аркылуу алдамчыларга ишенбөөгө чакырды.

Министрлик жарандарга эч кимге жана эч кандай шылтоо менен банктык карталардын номерлерин, арткы бетиндеги жашыруун коддорду, кирүү логиндерин жана сыр сөздөрүн, өзү жана жакындары жөнүндө жеке маалыматтарды бербөө сунуштайт.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, мобилдик тиркемелерди орнотуу жана телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда алынган көрсөтмөлөр боюнча акча каражаттарын которуу туура эмес.

"Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда алдамчылар адамды күтүүсүз абалга дуушар кылышат, күчтүү психологиялык кысым көрсөтүшөт, шашылтышат, коркутууга аракет кылышат жана ошол замат акча которууга же кандайдыр-бир мүлктү өткөрүп берүүгө көндүрүшөт. Башкача айтканда, бул белгилүү бир иш-аракеттерди жасоо же купуя маалыматты ачыкка чыгаруу максатында адамдардын аң-сезими менен ойношот.

Жарандар тааныш эмес номерлерден же бейтааныш адамдардан чалып, коркутуп-үркүтүп, кысым көрсөтүп, шаштырып акча берүүгө мажбурласа, бул алдамчылар экенин унутпашы керек. Ошондой эле, алдамчылардын курмандыктары болуп көбүнчө ишкерлер дагы дуушар болушат жана акчаларынан кол жуушат.

Соода кызматкерлери сатууга же сатып алууга аракет кылып, товарларды сатуу жана сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыялаган интернет кызматтарын пайдаланышат. Ошол учурда телефон алдамчылары сатып алуучуну алдап кетүүгө аракет кылышат. Ишеничтүүлүктү, ишкерлердин кенебестигин пайдалануу үчүн алар ар кандай айла-амалдарды колдонушат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилегендей, телефон алдамчыларынын алдамчылык схемалары ар дайым каржы менен байланыштуу, алардын негизги максаты - башкалардын акчасына жетүү.

"Андан сырткары, мамлекеттик кызматкерлер дагы алдамчылардын кылтагына илинген учурлар жок эмес. Белгисиз адамдар министрликтерге жана башка мамлекеттик мекемелерге “мамлекеттик органдын аппаратынын” жогорку кызматтагы адамдары (алардын жардамчылары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) катары телефон чалып, кандайдыр-бир маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранып келишкен. Алдамчылар алдоону улантышып, мамлекеттик кызматкерлерге кызматтык орундардан жогорулатууну дагы айтышкан. Телефон алдамчылары камакта отурганы менен мамлекеттик кызматкерлердин мүлкүн алдоо жолу менен ээлеп алганга чейин үлгүрүшкөн. Мамлекеттик уюмдарынын биринин кызматкеринин болжол менен 15 миң сом акча каражатын, куралын огу менен ээлеп алышкан. Мунун баарын алар таксисттен берип жиберүүнү суранышкан. Жогорку кызматтагы адамдын купулуна толуш үчүн мамлекеттик органдын кызматкери ойлонбостон жогорудагы акча каражаты менен куралын берип койгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, сүрөттө жазасын өтөп жаткандардан алынган телефондор.

Кечээ, 10-февраль күнү ИИМдин КИИБдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мекемелердин биринде тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүүнүн жүрүшүндө жазасын өтөп жаткандардын бөлмөсүнөн уруксат берилбеген 4 уюлдук телефон табылган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы эскертет, алдамчылардын кылтагына илинип, акча каражаттарыңарды которууга шашпагыла. Белгисиз адамдар телефонуңузга чалып, акча каражатын сурашса алдамчы экенин түшүнүңүз.

Пикир

Оставить комментарий