• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

21-февралдан тарта «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча жаңы аба каттамы ачылат

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча жаңы аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган каттам Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы.

“Жаңы каттам 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми, 3-марттан баштап каттамдар жумасына 3 жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү учат. Учуу узактыгы 3,5 сааттан 4 саатка чейин созулат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта, Air Arabia авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортунан «Шарджа-Бишкек-Шарджа» багыты боюнча жумасына 6 жолу каттам аткарууда (дүйшөмбү күнүнөн сырткары).

Пикир

Оставить комментарий