• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баатырова: КМШ боюнча бир гана Кыргызстанда орган алмаштыруу тажрыйбасы киргизиле элек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бир гана Кыргызстанда орган алмаштыруу тажрыйбасы киргизиле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда адамдын ДНКсын текшерүү мүмкүнчүлүгү жок.

“Ооба, бейтаптар өз убагында бөйрөктөрүн алмаштырып алса, гемодиализ кызматын колдонбой калат эле. Гемодиализ мамлекеттин “чөнтөгүнө” оордук келтирүүчү механизм. Статистикалык маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө өлкө аймагында 44 гемодиализ борбору бар. Анын ичинен үчөө гана мамлекеттики. Алар Каракол, Нарын жана Таластагы облустук ооруканада”, - дейт ал.

Баатырова Жогорку Кеңештин мурунку чакырылыштагы депутаттарына бул багытта мыйзам долбоору кирип, бирок колдоо таппай калганын белгилейт.

“Биз азыр бүт жакшы механизмдерди кошуп, мыйзам долбоорун кайра карап чыгышыбыз керек. Мен бул маселеге оң көз караш менен карайм. Анткени, ал жарандарыбыздын ден соолугуна чоң жардам бермек”, - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Пикир

Оставить комментарий