• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эр-Рияд шаарында Кыргызстан менен Сауд Аравиянын кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. 6-сентябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгына болгон иш сапарынын алкагында Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Ажлан бин Абдулазиз Аль-Ажлан менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешип, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Буга байланыштуу тараптар, быйыл кыргыз-сауд экинчи бизнес форумун жана биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашты.

Министр Кулубаев Кыргыз Республикасынын энергетика, жер казынасын пайдалануу, мейманкана бизнеси жана башка чөйрөлөрдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, ошондой эле кыргыз тараптын Сауд Арабияга ата мекендик продукцияны экспорттоону көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын эртерээк ачуу зарылдыгына басым жасалып, туризм тармагын өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышта болуп, кыргыз-сауд ишкерлер Кеңешин түзүү боюнча келишимди кол коюуга даярдоону макулдашы.

Пикир

Оставить комментарий