• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Швециянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда Кыргызстан менен Швециянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Анн Линде телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрлер коомдук саламаттыкты сактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашкан.

Ошондой эле коронавирустук инфекциянын мындан аркы жайылышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында натыйжалуулукка багытталган кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алмашуу болду. Коронавирустук инфекциянын пандемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүнүн алкагында тараптардын практикалык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү макулдашуусу жетишилди.

"Андан тышкары, сүйлөшүүнүн алкагында соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүгө жана укуктук-келишимдик базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо жөнүндө макулдашуу жетишилди. Эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын демилгелерин өз ара колдоо жана ЕБнын, БУУнун жана ЕККУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерине көңүл бурулду", - деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий