• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын м.а. Кулубаев ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 28.04.22./Кабар/. Тышкы иштер министринин м.а. Жээнбек Кулубаев бүгүнЮ 28-апрелде, ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдинн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында министрдикн милдетин аткаруучу Султан Раевди ТҮРКСОЙ Эл аралык түрк маданияты уюмунун Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап, Раев ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы кызматында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын ТҮРКСОЙго катышуусунун актуалдуу маселелерин, быйыл күзүндө Түркияда өткөрүүгө пландалган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоонун жана жайылтуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Султан Раев Жээнбек Кулубаевге уюмдун үстүбүздөгү жылга карата маданият, искусство жана музей иши боюнча пландары, ошондой эле 2022-жылдын июнь айында Бурса шаарында «Манас» эпосунун жумалыгы жана июль айында Россия Федерациясынын Алтай аймагында «Алтай цивилизациясы» конференциясы өткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымат берди

Пикир

Оставить комментарий