• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ТИМдин 80 жылдыгына арналган эл аралык мааракелик конференция өтөт

Саясат 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Эртең, 14-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына арналган "Өзгөчө учурлар жана маанилүү корутундулар" аттуу эл аралык юбилейлик конференция өтөт.

ТИМден билдиришкендей, ага дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, чакырылган коноктор, Тышкы иштер министрлигинин жана Дипломатиялык академиянын өкүлдөрү катышат.

Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен биргеликте өткөрөт.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери, дипломаттар, окумуштуулар, эксперттер сөз сүйлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий