• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын вице-президенти Акылбек Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 21.04.23. /Кабар/. Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын наамына жолдонгон телеграммада Орозо айт майрамы тынчтыктын, бейпилдиктин жана жакшылыктын белгиси экени жана улуу руханий мазмунду камтып тургандыгы айтылат.

Ошондой эле, куттуктоодо боордош кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана алдыга коюлган баардык пландардын ишке ашуусу тууралуу каалоолор камтылган.

Пикир

Оставить комментарий