• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 2010-жылдагы Апрель окуясында каза болгондор эскерилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель элдик революциясынын күнүнө арналган иш-чарага катышты. Алгач "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүлчамбарлар коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду. Ошондой эле эскерүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, 2010-жылы 7-апрелде каза болгондордун туугандары жана Апрель революциясынын катышуучулары барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Андан соӊ Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊеш депутаттары 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл коюшту.

Пикир

Оставить комментарий