• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Талас облусунда тогуз айда өрт кырсыгынын саны 8,5%га азайды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-ай ичинде Талас облусунда 75 өрт кырсыгы катталып өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 8,5% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн материалдык чыгым 12 млн 984 миң 451 сомду түздү.

Өрттүн кесепетинен 2 адам анын ичинен 1-жаш бала каза болуп, 12 адам жаракат алган (2020-жылы каза болгондор жок, 1 адам жаракат алган).

Белгиленгендей, 2021-жылы өрттөн 51 млн 976 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык – 21 (28%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу – 10 (13,3%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 13 (17,3%);

- балдардын от менен ойноосу – 9 (12%).

Кырсыктын аймактар боюнча бөлүнүшү:

- Талас шаарында - 9;

- Талас районунда - 14;

- Манас районунда - 19;

- Кара-Буура районунда - 23;

- Бакай-Ата районунда – 10 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий