• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дүйнөлүк классика жана улуттук ырлар жаңырды. "Достук" хор сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Достук” республикалык хор сынагы 17-майда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сынакка жалпы 10 хор коллективи катышып, алар дүйнөлүк классикалык жана улуттук чыгармаларды аткарышты. Сынактын байге фонду 1 миллион сом.

Сынак хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу максатында уюштурулуп, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын камердик хору жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору катышып, 12 хор коллективи биргеликте, С. Юсуповдун “Кыз бала экен жылкычы”, Карл Орфф кантанта Кармина Бурана “Фортуна” жана Н. Давлесовдун “Селкинчек” (коштоо менен) ырын биргеликте аткарышты.

Пикир

Оставить комментарий