• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Суу шаарында дайынсыз жоголгон Гүлнара Токторбаева изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында дайынсыз жоголгон Гүлнара Токторбаева изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1966-жылы туулган Токторбаева Гүлнара Латиповна 2022-жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз болууда.

Учурда Гүлнара Токторбаеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска кара түстө, ак жуумал, орто дене дене түзүлүштө, оң бутунан аксап, таяк таянат.

Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина тапочка болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гүлнара Латиповна боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке же төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды суранабыз: Тел.: 03744-5-06-33, 102, 0755-66-62-88, 0558-99-80-81. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий