• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу Азия чемпионатына катыша турган кыргыз балбандарынын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 18.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош шаарынын А.Сүйүмбаев атындагы стадионунда 21-23-май аралыгында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Чемпионатка 14 өлкөдөн: Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Казакстан, Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Япониядан жалпы 300 спортчу катышат.

Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргызстандын курама командасынын тизмеси менен бөлүштү.

Эркектер арасында (классикалык түрү):

1. 60 кг - Роман Сапаров (Ош облусу);
2. 70 кг - Марлен Абдурасулов (Ош облусу);
3. 80 кг - Нурсейит Тагайбек уулу (Ош шаары);
4. 90 кг - Ойбек Камулов (Жалал-Абад облусу);
5. 100 кг - Орозбек Аширов (Ош шаарын);
6. 100 кг жогору - Кадыр Келсинбеков (Бишкек шаары).

Эркин түрү боюнча:
1. 60 кг - Калысбек Каюмов (Бишкек шаары);
2. 70 кг - Касымбек Анарбаев (Жалал-Абад облусу);
3. 80 кг - Азизхан Мусабек уулу (Ысык-Көл облусу);
4. 90 кг - Нурсултан Бочонов (Бишкек шаары);
5. 100 кг - Исламбек Алик уулу (Бишкек шаары);
6. 100 кг жогору - Табышалы Сейитбеков (Жалал-Абад облусу).

Кыз-келиндер арасында (эркин түрү):
1. 55 кг - Элзада Момунжанова (Ош Алыш);
2. 60 кг - Мээрим Момунова (Бишкек шаары);
3. 65 кг - Нурзат Бактыяр кызы (Ош Алыш);
4. 70 кг - Нурзада Мыктыбек кызы (Ош шаары);
5. 75 кг - Феруза Курстанбек кызы (Жалал-Абад облусу);
6. 75 кг жогору - Нагира Сарбашова (Бишкек шаары).

Классикалык түрү боюнча:
1. 55 кг - Жазгүл Талантбек кызы (Бишкек шаары);
2. 60 кг - Элза Абдыкадыров (Бишкек шаары);
3. 65 кг - Аземи Камчыбекова (Исык-Көл облусу);
4. 70 кг - Динара Камчыбекова (Ош Алыш);
5. 75 кг - Адина Нурматова (Бишкек шаары);
6. 75 кг жогору - Нагира Сарбашова (Бишкек шаары).
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий