• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте кикбоксинг боюнча өлкөнүн 25-чемпионаты өткөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 14-15-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага 87 спортчу күчүн сынады.

Чемпионаттын акыркы күнүндө эркек жана кыз-келиндер арасында 12 салмакта жарым финал жана финалдык кармашуулар өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды:

1. 51 кг - Дилзат Назарматов (“Космос” клубу);
2. 54 кг - Марат Мусаев (“Гермес”);
3. 57 кг - Азиз Бихуров (“Мангуст”);
4. 60 кг - Адилет Улан уулу (“Маралбек”);
5. 63,5 кг - Алихан Эргешов (One-X-One);
6. 67 кг - Эрлан Байзаков (“Мангуст”);
7. 71 кг - Аброр Хакимов (“Ош Азия”);
8. 75 кг - Кутман Асеков (“Гермес”);
9. 81 кг - Сыймык Базылов (“Мангуст”);
10. 86 кг - Талгат Чыналиев (“Маралбек”);
11. 91 кг - Дамирбек Пайзылда уулу (“Ош Азия”);
12. 91 кг жогору - Эламан Мээлисбек уулу (Ош);
13. 48 кг - Назик Ниязова (“Мангуст”);
14. 56 кг - Фарида Абдуева (“Маралбек”);
15. 60 кг - Элиза Батыр кызы (Ош);
16. 65 кг - Адэля Асылбек кызы (One-X-One).

Пикир

Оставить комментарий