• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын мэри жол оңдоо иштеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жол оңдоо иштеринен кабар алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтсак, мэр шаардын Барпы-Сейил көчөсүндөгү жолду кеңейтүү ишинин жүрүшү менен таанышты. Шаар башчысы жашоочуларга жана шаарга келген конокторго ыңгайсыздык жаратпоо үчүн курулушту кыска мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын берди.

Андан соң кеңейтүү иши жүрүп жаткан Бакирова жана Шопоков көчөлөрүндөгү курулуш менен таанышып, асфальтты сапаттуу кылып төшөө зарылдыгын белгилеп, тийиштүү жетекчилерге тыкыр көзөмөл жүргүзүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий