• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда «Арсенал» операциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрынан тартып «Арсенал» операциясы өтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара ок атуучу куралды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле куралдарды жана ок-дарыларды тегеретүү чөйрөсүндө укук бузуларга жол бербөө максатында өткөрүлүүдө.

Аталган операцияга 300дөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандар тарабынан катталган куралдардын сакталышынын эрежелери текшерилүүдө, ошондой эле мыйзамсыз сактап жүрүшкөн куралдардын ээлерин аныкташууда.

Операциянын биринчи күнүндө, Балыкчы ШИИБнин кызматкерлери тарабынан 4 мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал аныкталып алынды, анын ичинен 1 сайлуу жана 3 сайсыз мылтык. Аталган факт, шаардык милициянын маалымат электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Түп районунун Шаты айылынын тургуну, атасынан калган, катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Милиция кызматкерлери аталган жаранга, мылтык тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, кайрадан анын атына мыйзамдуу түрдө каттоого болорун эскертишти.

Ысык-Көл ОИИБи мыйзамсыз сактаган курал-жарактарды өз ыктыярлары менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликтен бошотуларын эскертүүдө.

«Арсенал» операциясы уланууда.

Пикир

Оставить комментарий