• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек 16.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда 13 жашка чейинки балдар арасында футбол боюнча Кыргызстандын кубогу башталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору кабарлагандай, ага өлкөнүн 7 дубанынан жана Бишкек шаарынан жаш футболчулар катышууда.

Балдар футбол лигасы тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага жалпысынан 8 команда катышып, алгачкылардан болуп оюн талаасында Жалал-Абад командасы менен Чүй командасынын оюнчулары күч сынашты.

Аталган футболдук мелдешти өткөрүүнүн максаты жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, футболду өнүктүрүү жана өспүрүмдөрдүн достугун бекемдөө болуп саналат.

Белгилей кетсек, оюндар 20-августка чейин уланып, жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий