• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда милиция сууга түшүүдөгү кырсыктардын алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Кадамжай районунунда милициянын көчмө кабылдамасы сууга чөгүүнүн алдын алуу боюнча жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Арпа-Сай, Какыр, Көк-Талаа айылдарында балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы каникул мезгилинде кароосуз калган көлмөлөрдө, агыны шар аккан канал, арыктарда жаш өспүрүмдөр өз алдынча сууга чөмүлүп жүргөн жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери кооптуу суулардын айланасына атайын эскертүүлөрдү чыгарып илип, кооптуу суулардын боюнча жашаган үй-бүлөлөргө эскертүү актыларын берүүдө.

Бир күндүк иш-чарада укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 4 протокол түзүлүп, 5 жарандан сунуш кайрылуулар катталды. Алардын арасында милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирген жарандар да болду.

Пикир

Оставить комментарий