• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузак районунун Кашка-Терек айылында 200 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Сузак районунун Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде №87 "Келечек" негизги мектебинин курулуш иштери аяктап, 7-сентябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп 200 орунга ылайыкташып, замандын бардык талаптарына жооп берет.

Белгиленгендей, мектептин курулушу "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жана элдин каржылык салымы менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий