• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Урмамбетов Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 29-сентябрда Нарын жана Жалал-Абад облусундагы ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин текшерди.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Урмамбетов Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорундагы милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук бузууларды алдын алуу боюнча уюштуруучулук иштердин жүрүшүн текшерди.

Министрдин орун басары өздүк курам менен жолугушууларды өткөрүп, анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерин талкуулашты.

Урмамбетов коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен президент ички иштер органдарынын алдына бир катар милдеттерди койгонун белгиледи:

- профилактикалык чараларды күчөтүү, калкка заманбап кызматтарды көрсөтүү менен милицияга болгон ишенимди арттыруу;
- жарандардын өтүнүчтөрүнө мүмкүн болушунча ыкчам жооп берүүгө аракеттенүү, аларды комплекстүү чечүүгө көмөктөшүү;
- эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын потенциалдуу коркунучтарына каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды күчөтүү;
- коомчулукка ички иштер органдарынын жаңы имиджин көрсөтүү, жогорку моралдык сапаттарга ээ кесипкөй кадрларды даярдоо.

Райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына алыскы аймактарда, мамлекеттик администрациялык мекеме жана уюмдардан алыс жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлгөн милициянын көчмө кабылдамаларынын практикасын жана иштөө ыкмаларын жакшыртуу тапшырылды. Ошону менен бирге ИИМдин жетекчилиги аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана толуктоо жагынан дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Иш сапардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башка аймактык бөлүмдөрүн дагы кыдырат.

Пикир

Оставить комментарий