• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жарнама калкандары алына баштады

Аймак 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында менчигинин түрүнө карабай бардык жарнама калкандары алына баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жарнама калкандарын алуу иштери шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, шаарда 150дөй жарнама калкандарынын ээлерине 15 күндүк мөөнөт менен эскертүүлөр берилген.

Берилген мөөнөт аяктаган соң бардык жарнама калкандары аталган мекеме тарабынан алынат.

Пикир

Оставить комментарий