• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда ооруканадан коронавируска каршы 320 доза вакцинаны уурдап кетишкен

Дүйнө 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Төмөнкү Тагилде ооруканадан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын 320 дозасы уурдалган. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка ылайык, шаардык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары полицияга чалып, вакциналар 15-ноябрь саат 16:00дөн, 16-ноябрь саат 08:00гө чейинки аралыкта кызматтык бөлмөдөн уурдалгандыгын кабарлаган.

«Күндүзгү убакытта медициналык мекеменин имараты «Великан» жеке күзөт уюму тарабынан кайтарылат. Ал эми түнкүсүн күзөттө турган адам мурда соттолгондугу маалым болду. Иликтөө иштерин аймактык башкармалыктын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий