• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында муниципалдык өнөр жай ишканаларын ачуу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Нарында муниципалдык өнөр жай ишканаларын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлаштыю

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын Теке Секирик аймагына араб инвесторлору тарабынан салынган имараттар толугу менен шаардын муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынды.

Буга чейин Кичи ишкана катары салынган имараттар эмерек жасоочу, нан чыгаруучу жана кийим тигүүчү жай катары иштеп келе жаткан. Эми бул ишканалар муниципалдык менчиктин негизинде кайрадан нан чыгаруучу, кийим тигүүчү жана эмерек жасоочу чакан өнөр жай ишканалары катары ачылат.

Бул чакан ишканаларды ачуу боюнча учурда тийиштүү иштер алынып барылып, 50 жумушчу орун түзүү пландалып жатат.

Жаңыдан шаардын менчигине алынган имараттар жана андагы иштер менен таанышкан шаар мэри Канболот Тутуев кичи цехтердин ишин жандандырып, ийгиликтүү иш алып барышы үчүн керектүү чараларды көрүүнү тармак жетекчилерине тапшырды.

Имараттардын билим берүүчү бөлүгү буга чейин шаардын менчигине алынып, бала бакча жана жеке менчик мектеп катары иштеп келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий