• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

28-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 28-августка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +18...+23, Талас облусунда +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл облусунда +14...+19, Нарын облусунда +13...+18 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +19...+21 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий