• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМУнун студенти Литвада өткөн белбоо күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеште "алтын" утту

Аймак 0

Ош, 12.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Литванын Вильнюс шаарында 8-10-декабрда өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеште Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынай 70 кг салмакта жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болуп, диплом менен сыйланды.

“Европанын кубогуна Европа, Азиядан 15тен ашуун мамлекеттин балбандары катышты. Мен 70 кг салмакта алыш белбөө күрөшү боюнча мелдешке катышып, финалдык беттеште Польшалык балбан менен таймашып, жеңишке жетиштим. Албетте, ар бир жеңиш үчүн күрөш тынымсыз машыгууну талап кылат. Жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн бардык күч аракетимди жумшадым”, -деди Алтынай.

Университеттин жамааты Алтынай Мамарасул кызын 11-декабрда Ош эл аралык аэропортунан тосуп алып, жеңиши менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий